Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жүрүшү менен таанышканда өзгөчө көңүл келечектүү инвестициялык демилгелерге бурулду. Анда инвесторлорго Чүй облусунун Шамшы айылынан Шамшы капчыгайы аркылуу альтернативдик унаа жол куруу долбоору сунушталууда. Бул долбоор ишке ашырылса, Кочкор менен Токмоктун ортосундагы учурдагы аралык дээрлик эки эсеге азаят. Бул 125 чакырымдан 55-60 чакырымга чейин кыскартууга мүмкүндүк берет дегенди билдирет. Мындан тышкары, жаңы транспорттук артерия акы төлөнүүчү жол катары колдонулушу мүмкүн жана келечекте Чүй облусунан Нарын облусуна магистралдык газ түтүгүн тартуу үчүн даяр коридор болуп калышы ыктымалдыгы айтылууда. “Кабар” агенттиги ашуу, капчыгайларды аралап өтө турган бул унаа жолунун болжолдуу чиймеси менен тааныштырып, артыкчылыктарына саресеп салат.

Токмок - Шамшы - Кочкор жаңы унаа жолу кайсы жерден башталат?
Курула турган жолдун башталышы Токмок шаарындагы, Бишкек – Кант – Токмок – Чым-Коргон (Шоссейная көчөсү) жана Токмок – Шамшы (Ибраимов көчөсү) унаа жолунун айланма кесилишинде жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 800 метр бийиктикте турат. Жолдун башталышынан тартып 18 чакырымына чейинки аралыгы Токмок шаарынан Чүй районунун Шамшы айылына чейинки бөлүгү, учурдагы Токмок – Шамшы унаа жолунун нугу менен каралды. Жол деңиз деңгээлинен 800 метр бийиктиктен 1280 метр бийиктикке көтөрүлөт. Бул жолдун бөлүгүн курууда учурдагы жолду реконструкциялоодон өткөрүүнү талап кылат. Ошондой эле Кошой айылын айланып өтүүчү жаңы жолду куруу мүмкүнчүлүгү бар.
Шамшы капчыгайын аралап, Туюк жана Ат-Жайлоо дарыяларына чейин

Шамшы айылынан Ат-Жайлоо жана Туюк дарыяларынын кошулган жерине чейинки бөлүгү 19 чакырымды түзөт. Бул унаа жолдун 18-37-чакырымы болуп саналат. Шамшы айылынан Ат-Жайлоо жана Туюк дарыяларынын кошулушуна чейинки бөлүгү учурдагы туурасы 4-6 метрди түзгөн жолдун нугу менен каралды. Жол Шамшы капчыгайынын ичи менен, Шамшы дарыясынын оң-сол жак жээктерин бойлой, башында түштүк-чыгыш багытында, андан кийин түштүк-батыш багытында Туюк жана Ат-Жайлоо (Шамшы) дарыяларынын кошулушуна чейин, деңиз деңгээлинен 1280 метр бийиктиктен 1850 метр бийиктикке көтөрүлөт.
Жолдун бул бөлүгүн курууда реконструкцияны талап кылса, кээ бир бөлүктөрү жаңы курулушту, Шамшы дарыясынын 4 жерине көпүрө жана көптөгөн суу өтмөк түтүктөрүн куруу талап кылынат.
Шамшы ашуусунда туннель куруу каралууда
Жолдун 37-чакырымынан 51,6-чакырымына чейинки аралыгы 14,6 чакырымды түзөт. Ат-Жайлоо (Шамшы) дарыясынын Туюк дарыясына куйган жеринен тартып 3573 метр бийиктиктеги Шамшы ашуусунда туннель куруу каралган. Жолду андан ары Ат-Жайлоо капчыгайынын батыш жагы менен алып өтүп, серпантиндер жана чукул бурулуштарды салуу менен болжолдонууда. Капчыгайдын чыгыш жагы менен жол салуу мүмкүн эмес. Анткени капчыгайдын жантайма бети, болжол менен 2800 метр бийиктикке чейин карагай жана бадал менен капталган. Батыш тарабында бак-дарактар азыраак, бирок жантаймасы тик жана татаал. Ошондуктан жер көчкү, кар көчкү жана таш кулоо коркунучтары бар. Жол деңиз деңгээлинен 1850 метр бийиктиктен 2800 метр бийиктикке көтөрүлөт. Бул жолдун бөлүгүн курууда, жаңы курулушту талап кылып жана кар көчкү, жер көчкү, таш кулоо жана сел жүрүү коркунучтары болгондуктан, ар кандай инженерлик курулуштарды куруу керек. Мисалы, эстакадалык көпүрө, галерея, бетон дубалдар, дренаж курулуштары каралат.
Жолдун 51,6-59,5-чакырым аралыгы 7,9 чакырымды түзүп, деңиз деңгээлинен 3570 метр бийиктиктеги Шамшы ашуусу аркылуу өтөт. Ашуу дээрлик көп жылдык мөңгүлөр баскан, тик аскалуу тоо кыркаларынан тургандыктан, бул тилкеде туннель салуу пландалууда. Шамшы ашуусуна туннель курулбаса, кышкысын үзгүлтүксүз жана коопсуз унаа каттамын камсыз кылуу мүмкүн эмес, ошондой эле жолду күтүүгө ашыкча чоң чыгымдар талап кылынат.
Жолдун 59,5-72-чакырымы Шамшы ашуусундагы каралган туннелден Кочкор районунун Шамшы айылына чейинки бөлүгүн камтыйт. Узундугу 18,5 чакырымды түзгөн (72-90,5 км) жолдун калган бөлүгү Шамшы айылынан Чолпон айылынын жанынан өткөн Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна чейинки бөлүгү, учурдагы Чолпон - Шамшы унаа жолунун нугу менен каралды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен “Кабар” агенттигине маалымдашкандай, Токмок – Шамшы – Кочкор жаңы унаа жолунун курулушу эми планга кирет. Ага ылайык, техникалык-экономикалык негиздемеси, долбоору даярдалат.
“Токмок – Шамшы – Кочкор унаа жолун куруу боюнча президент Садыр Жапаров тапшырма берди. Министрлик тараптан техникалык-экономикалык негиздемеси, долбоору иштелип чыккандан кийин ал жактырылып, андан соң курулуш иш-аракеттерине киришүү башталат. Ал убакыт азырынча белгисиз”, - деп белгилешти министрликтен.
Бүгүнкү күндө пландалып жаткан жолдун артыкчылыктары кандай?

- Учурдагы Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусу жана Боом капчыгайы аркылуу өткөн багытынын узундугун салыштырмалуу, 2230 чакырымга азайтат,
- Чаек – Кочкор – Кемин-Токмок багытын 50-60 чакырымга кыскартат,
- Боом капчыгайына альтернатива боло алат жана стратегиялык мааниге ээ,
- Кочкор жана Чүй райондорунун инфраструктурасын жакшыртууга жана экономикасын, туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Токмок – Кочкор альтернативдик унаа жолун Шамшы аркылуу куруу демилгеси райондун келечегине түздөн-түз таасир эте турган эң маанилүү демилгелердин бири. Бул тууралуу саясат таануучу Тимур Саралаев “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Кубакы ашуусу аркылуу өткөн жол курулгандан бери Кочкордо мындай масштабдагы инфраструктуралык долбоорлор дээрлик көтөрүлгөн эмес.

“Жаңы жол жөн гана аралыкты кыскартпайт. Ал инвестиция тартууга, туризмди өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана ишкерлик үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачууга өбөлгө болот. Ошондуктан бул демилгени толук колдоо керек деп эсептейм. Токмок шаары менен Кочкор районун жакындата турган жаңы жол миңдеген адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып бере алат. Бул болсо жергиликтүү эл үчүн конок үйлөрдүн көбөйүшүнө, тоо туризмине, эс алуу жайларынын ачылышына, соода-сатыктын жана тейлөө тармагынын өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт”, - деди ал.
Тимур Саралаев белгилегендей, ошол эле учурда долбоорду мындан ары изилдөө учурунда Чүйдүн Кегети капчыгайы аркылуу Кочкорго өтүүчү багытты да карап көрүүгө болот.
“Бул багыттын артыкчылыгы - жолдун изи мурдатан эле бар. Мындан тышкары мындай маршрут Кочкор өрөөнүнө гана эмес, Суусамырга, Чыгыш Каракол, Сөөк жайлоолоруна жана райондун жогорку зонасындагы башка кооз аймактарга жол ачмак. Токмоктон Чыгыш Караколдун жогорку бөлүгүнө чейинки аралык болгону 60 чакырымдын тегерегинде гана. Бул Чүй облусунун тургундары үчүн Кочкордун кооз жайлоолоруна жана туристтик аймактарына бир нече сааттын ичинде жетүүгө мүмкүнчүлүк түзмөк. Дагы бир маанилүү жагдай бар. Мындай жол Чүй өрөөнүнүн тургундары үчүн бийик тоолуу жайлоолорго жетүүнү кыйла жеңилдетмек”, - деди Саралаев.
Эң башкысы Кочкор району үчүн жаңы жолду куруу маселеси көп жылдан кийин биринчи жолу өлкө жетекчилигинин деңгээлинде көтөрүлдү. Эгер бул долбоор ишке ашса, ал райондун тарыхындагы Кубакы жолу сыяктуу эле маанилүү жолдун бири болуп калат.