Токиодон Берлинге чейин: Кыргызстанда 30 тилдүү инвестициялык портал ачылды

Коом Загрузка... 03 Июнь 2026 23:00
Без имени.png
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда чет элдик инвесторлорду тартуу жана өлкөнүн бизнес мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу максатында жаңы инвестициялык портал ишке кирди.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, мурда иштеп келген invest.gov.kg сайты толугу менен жаңыланып, эл аралык стандарттарга ылайык нөлдөн баштап курулду. Жаңы платформа Сингапур жана Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып даярдалган.

Портал 30 тилде жеткиликтүү. Эми дүйнөнүн каалаган бурчундагы, маселен, Токиодон Берлинге чейинки инвесторлор Кыргызстан тууралуу маалыматты өз эне тилинде окуй алышат. Бул сайттын дүйнөнү камтуу мүмкүнчүлүгүн 10 эсеге кеңейтти.

Ошондой эле порталган жасалма интеллект киргизилди. Бул Борбор Азияда биринчи жолу мамлекеттик сайтта жасалма интеллект иштей баштады. Ал инвесторлордун суроолоруна суткасына 24 саат бою, каалаган тилде үн же текст аркылуу секунда ичинде жооп берет.

Порталга кирген ар бир кайрылуу жана долбоор атайын блокчейн тутуму менен корголот. Бул инвесторлордун сунуштарын өзгөртүүгө же өчүрүүгө жол бербейт жана коррупциялык тобокелдиктерди жойгон ачык-айкындуулукту камсыз кылат.

Сайт атайын Telegram ботко туташтырылган. Мунун аркасында инвесторлордун суроо-талаптары Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлерине дароо жетип, жооптор онлайн режиминде өз убагында берилет.

"Бул жаңылык жөн гана сайтты алмаштыруу эмес, бул Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы санариптик жүзү жана инвесторлор үчүн ишенимдүү, коопсуз аймакка айлануу кадамы болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.