ТМУ аймагында бирдиктүү сот мейкиндиги калыптандырылат

Коом Загрузка... 19 Июнь 2026 14:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку сот

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Күн мурун Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин жогорку сот органдарынын жетекчилерин кабыл алды.

Жогорку соттон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө түрк дүйнөсүнө кирген мамлекеттердин сот тутумдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, жарандардын жана инвесторлордун укуктарын сот аркылуу коргоо механизмдерин өркүндөтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле сот адилеттиги чөйрөсүндө санариптик технологияларды өнүктүрүү, ТМУнун алкагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү багыттары каралды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууда, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо, ошондой эле мамлекеттердин туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу укуктук чөйрөнү түзүүдө сот бийлигинин маанилүү ролун белгиледи. Муну менен катар, ТМУга мүчө мамлекеттердин жогорку сот органдарынын ортосундагы кесиптик диалогду кеңейтүүнүн, алдыңкы тажрыйбаларды алмашуунун жана сот системаларын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин биргелешип издөөнүн мааниси баса белгиленди.

"Акорда" сарайында өткөн бул жогорку деңгээлдеги иш-чара ТМУга мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун Экинчи конференциясынын программасындагы маанилүү окуялардын бири болуп калды. Бул түрк дүйнөсүндө сот бийлигин өнүктүрүүгө жана мыйзам үстөмдүгүн чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын дагы бир жолу тастыктады.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө мамлекеттердин жогорку сот органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Бул өнөктөштүк сот адилеттигинин натыйжалуулугун жогорулатууга, жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин бекемдөөгө жана мыйзамдуулук, адилеттүүлүк жана өз ара урматтоо принциптерине негизделген бирдиктүү укуктук мейкиндикти калыптандырууга багытталат.