Тогуз-Тородо калың кардан улам мектептер онлайн окутууга өттү

Аймак Загрузка... 13 Февраль 2026 12:50
631254086_2011744333026154_657337844466555462_n.jpg
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 13.02.26 /Кабар/. Тогуз-Торо районунун аймагында калың кар жаап, айрым айылдарда кардын калыңдыгы 1 метрге чейин жеткен. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, буга байланыштуу аймакта мектептер онлайн окутуу форматына өткөрүлгөн.

"Учурда кар тазалоо иштеринин натыйжасында бардык айылдарда жол каттамы камсыздалды", - деп айтылат маалыматта.