Тоголок кенине жаңы оор техникалар жеткирилди

Экономика Загрузка... 13 Январь 2026 09:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кумтөр Оперейтинг Компани

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Тоголок кенине атайын оор тоо-кен техникалардын кезектеги партиясы жеткирилди. Бул тууралуу “Кумтөр Компани” жабык акционердик коомунан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Тоголок кени – Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы стратегиялык маанилүү долбоорлордун бири. Кендеги комплекстүү иш-чаралардын алкагында өндүрүштүк кубаттуулукту камсыз кылуу үчүн ишкана заманбап оор техникаларды сатып алды.

Учурда 10дон ашык жүктөгүч, бульдозер, автогрейдер, экскаватор жана башка техникалар кен аймагында ишке кирүүгө даяр турат. Мындан тышкары, жакын арада Тоголок кенине кубаттуу карьердик техникалардын жаңы партиясы келери күтүлүүдө.

Жаңы заманбап техникаларды колдонуу өндүрүштүн натыйжалуулугун гана камсыздабастан, алтын казуу сыяктуу технологиялык жактан татаал процессте коопсуздуктун жогорку стандарттарын сактоого кепилдик берери айтылды..

Азыркы тапта Тоголок кенинде керектүү инфраструктуралык курулуштар салынып, казуу иштерине кызуу даярдыктар көрүлүп жатканы кабарланды.