Беш-Бурхан кенинен жылына 900 миң тоннага чейин көмүр казуу пландалууда

Аймак Загрузка... 20 Май 2026 10:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Беш-Бурхан көмүр кенинен жылына 900 миң тоннага чейин кара отун казуу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан аталган көмүр шахтасынын өндүрүштүк иштери менен жеринде таанышты.

Кен жалпы 317,2 гектар аянтты ээлейт. Анын ичинен 7 гектар жер өндүрүштүк аянтча катары бөлүнгөн. Геологиялык маалыматтар боюнча, кендин жалпы көмүр запасы 42,225 млн тоннаны түзөт.

Долбоорду ишке ашырууга байланыштуу бардык чыгымдар инвестор тарабынан каржыланып, баштапкы этапта 25 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылган. Бул каражаттар шахтанын инфраструктурасын түзүү, жер астындагы өндүрүш иштерин жүргүзүү жана заманбап техникаларды тартууга багытталган.

Техникалык долбоорго ылайык, келечекте жылына 900 миң тоннага чейин көмүр казып алуу пландалууда. Долбоор ишке толук кубаттуулукта киргенден кийин жергиликтүү тургундар үчүн 80 жаңы жумуш орду түзүлөт.

Былтыр тоо-кен даярдоо жана капиталдык иштерди жүргүзүү учурунда кошумча өндүрүш катары 5 миң тонна көмүр казылып алынган.

Таалайбек Ибраев көмүр тармагын өнүктүрүү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуудагы негизги багыттардын бири экенин белгиледи.

“Ички энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу мамлекеттин стратегиялык артыкчылыктарынын бири. Беш-Бурхан сыяктуу ири долбоорлор өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун бекемдеп, аймактарды өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө чоң салым кошот”, - деди министр.

Ошондой эле министр өндүрүштө коопсуздук талаптарын сактоо, заманбап технологияларды киргизүү жана экологиялык нормаларды так аткаруу маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты.

Белгиленгендей, учурда шахтада өндүрүштүк инфраструктураны кеңейтүү, техникалык базаны чыңдоо жана көмүр казуу көлөмүн этап-этабы менен көбөйтүү иштери уланып жатат.