Того мамлекети кыргыз парламенти менен кызматташууга кызыкдар

Коом 29 апрель 2026 18:15
681519310_1281100324203187_6959345821340788805_n.jpg
683368939_1281099807536572_6785255451199487936_n.jpg
681583840_1281100444203175_4317174916858693088_n.jpg
681797801_1281100127536540_5579855872362522944_n.jpg
682338538_1281100530869833_3927540926970578000_n.jpg
682483175_1281099804203239_623574121559009080_n.jpg
682718314_1281100050869881_4198947910242238078_n.jpg
682875893_1281100177536535_7764405551600968841_n.jpg
683238442_1281100024203217_1505787281861497003_n.jpg
683307987_1281100307536522_7926088496124344947_n.jpg
683469494_1281100150869871_8776808154610386312_n.jpg
683632951_1281099897536563_8241049697701704202_n.jpg
683847802_1281100390869847_7320870153778420188_n.jpg
684221789_1281100064203213_6445584591336474853_n.jpg
684320156_1281100250869861_3651776281830305175_n.jpg
684753055_1281099927536560_862471755994921694_n.jpg
684977544_1281100414203178_7354619774968147266_n.jpg
685218159_1281100554203164_4166634836757014478_n.jpg
685298376_1281099810869905_7996021484020413371_n.jpg
685894928_1281099924203227_8435204628677139645_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрага Марлен Маматалиев Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен жолукту. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы алакаларды арттыруу боюнча ой бөлүшүп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз кылышты.

Төрага Марлен Маматалиев алгач Фор Эссозимна Гнассингбе баштаган делегацияны эки күн мурун белгиленген Того Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, Кыргызстанга жасаган алгачкы тарыхый сапарына ийгиликтерди каалады.

"Бул сапар кыргыз-того кызматташтыгынын жаңы барагын ачып, эки элдин алакасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деген ишеничтебиз. Жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн парламенттер аралык өнөктөштүктү да өрчүтүп, депутаттык достук топторунун деңгээлинде да тыгыз иш алып барууга кызыкдарбыз", – деди төрага.

Ошону менен катар Кыргызстандагы соңку өзгөрүүлөргө да учкай токтолгон Марлен Маматалиев: "Сиз 2003-жылдары Тогонун Инфраструктура, тоо-кен, почта жана телекоммуникация министри болуп иштеп турган учуруңузда интернетти өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошконуңузду билдим. Азыр биз дагы санариптештирүү саясатына өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Андыктан, бул жаатта да тажрыйба алмашууга даярбыз", – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Фор Эссозимна Гнассингбе эки өлкө ортосундагы алакалардын жаңы барагы ачылганын белгилеп, тогуз министр коштоп келген Кыргызстандагы иш сапары жемиштүү болуп жатканын билдирди.

Андан сырткары, Того мамлекети бир жарым жыл мурун парламенттик башкарууга өткөнүн маалымдап: "Андыктан, парламенттик дипломатия мамлекеттер аралык мамилелерде негизги ролду ойнойт. Биз кыргыз парламенти менен бардык багыттарда кызматташууга кызыкдарбыз", – деди.

Муну менен катар тараптар институттар аралык байланыштарды гана өнүктүрбөстөн жарандар ортосундагы тыгыз алаканы да калыптандыруу зарылчылыгына токтолду.

Андан соң төрага Марлен Маматалиев Фор Эссозимна Гнассингбе баштаган делегацияга Жогорку Кеңештин жыйындар залын көрсөтүп, парламенттин ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берди.