Того өкмөт башчысы "Кызмат" мекемесинин ишин жогору баалады

Коом Загрузка... 29 Апрель 2026 17:45
copyright icon Президенттин Иш башкармалыгы

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ардактуу конокту мекеменин ишмердүүлүгү менен башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев тааныштырды.

Фор Эссозимна Гнассингбеге мекеменин негизги багыттары, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтар, ошондой эле мамлекеттик тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган заманбап ыкмалар тууралуу маалымат берилди.

Делегация мекеменин иш процесси менен жеринде таанышып, санариптештирүү жана калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге жогору баа беришти.