Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун үч тилкесинде заманбап жол тейлөө пункттары курулууда.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда Кызарт белиндеги жол тейлөө пунктунун дубалдары тургузулуп, объект таза суу жана интернет байланышы менен камсыздалды. Бул жерде кызматкерлердин үзгүлтүксүз иш алып баруусу үчүн зарыл болгон шарттар түзүлүүдө.
Ошондой эле Сузак районунун Калмак-Кырчын айылынын жанында дагы бир жол тейлөө базасынын курулушу башталды. Азыркы учурда анын пайдубалы түптөлүп, курулуш иштери белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.
Аталган базаларга атайын жол куруу жана жол тейлөө техникалары, заманбап жабдуулар, күйүүчү-майлоочу материалдар жана башка керектүү ресурстар жайгаштырылат. Мунун натыйжасында трассаны төрт мезгил бою үзгүлтүксүз жана сапаттуу тейлөө мүмкүнчүлүгү кеңейет.
Мындан тышкары, үчүнчү жол тейлөө базасын жайгаштыруу боюнча да даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Учурда ылайыктуу жер тилкесин аныктоо жана тиешелүү долбоордук-техникалык документтерди даярдоо иштери жүрүп жатат.