Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолу тазаланып, каттам ачылды

Аймак 321 22 Июнь 2026 10:20
727158766_1325404166434993_3279062064244695402_n (1).jpg
729716600_1325404183101658_1691916040186154290_n.jpg
727322934_1325404176434992_4957447380309344777_n.jpg
727287389_1325404209768322_5776714191004211224_n.jpg
727158766_1325404166434993_3279062064244695402_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Күн мурун нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 361–370-чакырым аралыгында сел жүргөн.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, жерине атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада жол бүгүн, 22-июнда таңкы саат 05:00дө тазаланып, эки тараптуу каттам ачылды.

Учурда жолду кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.