Түндүк-Түштүк жолуна кайрадан кар көчкү түшүп, жол жабылды

Аймак Загрузка... 13 Февраль 2026 09:30
626274292_18040908191733957_4800368982406302621_n.jpg
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Бүгүн, 13-январь күнү 07:30да Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 198-чакырымында кайрадан кар көчкү түштү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 1000 куб метрди түзөт.

"Учурда тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн №24 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникалары тартылууда. Учурда каттам убактылуу жабык. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.