Түндүк – Түштүк унаа жолу тазаланып, жол ачылды

Коом 4 июнь 2026 09:45
711846588_3860292464113924_8671142703406867015_n.jpg
714541671_18055339007733957_5726009233804457366_n.jpg
Алдыга
Артка
711846588_3860292464113924_8671142703406867015_n.jpg
714541671_18055339007733957_5726009233804457366_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon "Кыргызавтожол" МИ

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу тазаланып, кыймыл калыбына келтирилди. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Жеринде №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, таш нөшөрлүү жаандан улам аталган унаа жолдун 260-274-чакырым аралыгына түшкөн.