Түндүк – Түштүк альтернативдик жолун 1-июнга чейин толук даярдоо тапшырылды

Коом 24 Май 2026 18:20
c28876e2-fbab-471f-92a0-690823580e5c.jpeg
513fe01d-f9c7-42b1-8383-fd08479e4178.jpeg
Алдыга
Артка
c28876e2-fbab-471f-92a0-690823580e5c.jpeg
513fe01d-f9c7-42b1-8383-fd08479e4178.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 24.05.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолуна барып, жолду сезондук пайдаланууга даярдоо иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө министр жол куруучу ишканаларды жайгаштыруу үчүн аймактарды аныктап, үч жерде тиешелүү объектилерди тез арада курууну тапшырды. Ошондой эле жол коопсуздугун камсыздоо максатында таяныч дубалдарын куруу, эстакадалык көпүрөлөрдү жарыктандыруу, жолго түшкөн таштардан тазалоо жана жолду 1-июнга карата ачылышка толук даярдоо милдети коюлду.

Белгилей кетсек, аталган унаа жол жайкы сезондо — июнь айынан ноябрь айына чейин ачык болот.

Министрлик айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты чектөөгө жана коопсуздук талаптарына жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.