Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам берилди. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы тартылып, 12 киши иш алып барууда.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 09:29 чамасында аталган жолго болжол менен көлөмү 7-8 миң куб метрди түзгөн кар көчкү түшкөн.