Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Стратегиялык Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу 1-июнда ачылат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, сезондук каттамды ачууга карата бардык даярдык иштери жана коопсуздукту камсыздоо үчүн кошумча иштер жүрүп жатат.
“Унаа жолу июндан ноябрь айына чейин ачык болот. Айдоочулардан ылдамдыкты ашырбай, эрежелерди так сактоо талап кылынат”, – деп айтылат маалыматта.