Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Бишкектин четиндеги Түндүк айланма жол менен Манас айылына кеткен жолдун кесилишинде жаңы транспорттук түйүндүн курулушу жүрүүдө.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, бул стратегиялык объект шаардагы унаа тыгындарын азайтууга жана жол кыймылынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Курулуштун жүрүшү:
- Учурда көпүрө тирөөчтөрү үчүн жерди казуу жана бетон куюу иштери кызуу жүрүүдө.
- Айланма жолдун 236-244-чакырымдарынын ортосундагы тилкени кеңейтүү иштери колго алынды.
- Алма-Ата көчөсү менен айланма жолдун кесилишиндеги көпүрөнүн кире бериштерине асфальт төшөлө баштады.
Иштин ыргагын камсыз кылуу үчүн курулуш аянтына 250 бирдик атайын техника тартылып, 600гө жакын жумушчу күнү-түнү эмгектенүүдө.
Бул долбоор ишке ашса, борбор калаанын четиндеги унаа агымы тартипке келип, айдоочулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлөт.