Кыргызстанда транспорттук инфраструктураны жакшыртууга жана борбор калаадагы жол тыгынын азайтууга багытталган ири жолдорду куруу жана реконструкциялоо иштери активдүү уланууда. Өзгөчө көңүл түндүк айланма жолуна, ошондой эле Бишкек – Күн-Түү – Шопоков жана Бишкек – Кант – Токмок унаа жолдоруна бурулууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, бул долбоорлорду ишке ашыруу бүтүндөй Чүй облусу үчүн стратегиялык мааниге ээ. Жаңы жолдор калктуу конуштардын ортосундагы байланышты жакшыртып, жүрүү убактысын кыскартат жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылат.

Түндүк айланма жолу
Жалпы узундугу 33 чакырымга жакын болгон Түндүк айланма жолу борбор калаанын батыш жана чыгыш бөлүктөрүн бириктирип, өлкөнүн негизги трассаларына чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Жолдун айрым тилкелеринде асфальт төшөө иштери аяктап, жарыктандыруу жана суу өтүүчү системалары орнотулууда. Долбоор ошондой эле заманбап жол түйүндөрүн курууну камтыйт, бул Бишкектин борбордук көчөлөрүн транзиттик транспорттон бошотууга шарт түзөт.
Түндүк айланма жолунун консультанттар тобунун жетекчиси Ташбек Жаналиевдин айтымында, жол "1В" категориясына кирет жана алты тилкелүү болот.

Трассанын бардык бөлүгүндө жарыктандыруу каралган, айылдардын ичинде тротуарлар салынат, коопсуздук максатында жолдун ортосуна жана эки жагына металл тосмолор орнотулат. "Бул — Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан берки акыркы 30 жылдагы мамлекеттин эсебинен курулуп жаткан, "1В" категориясындагы биринчи ушундай масштабдуу долбоор.
Айланма жолдун өзгөчөлүгү — бул жерде эки деңгээлдүү 10 жол түйүнү болот жана учурда биринчи көпүрөнү монтаждоо жүрүп жатат. Ушул жылы 4 түйүн бүткөрүлөт, калгандары келерки жылы курулат", - деди ал.
Жаналиев курулуш иштерин аяктоо 2026-жылдын аягына пландалганын белгиледи. Жолчулар иштерди жогорку темпте, күнү-түнү эки сменде куруп жатышат. Долбоордун алкагында 4 көпүрөнү оңдоо да каралган. Объектиде үзгүлтүксүз ишти камсыз кылуу үчүн эки лаборатория, 2 асфальт заводу жана 2 бетон заводу иштеп жатат.
Бишкек – Күн-Түү – Шопоков унаа жолу
Бул жол тилкеси жүк ташуу жана айыл чарба транспорту үчүн эң маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Учурда трассада жолдун туурасын кеңейтүү, негизин бекемдөө жана жаңы асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Реконструкция аяктагандан кийин жол эки тарапка тең эки тилкелүү болот. Бул жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн олуттуу жогорулатып, авариялык тобокелдиктерди азайтат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, бБүгүнкү күндө жолдун 7 чакырымында асфальт төшөө иштери аяктады. Учурда жолдун экинчи тарабында иштер уланууда. Унаа жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Бул жылга жолдун 6,7 км бөлүгүн куруу пландалган.
Бишкек – Кант – Токмок трассасы
Бул багытта жолдун айрым тилкелеринде капиталдык оңдоо иштери, ошондой эле заманбап сууну бөлүп чыгаруу жана жарыктандыруу системаларын орнотуу жүргүзүлүүдө.
Өзгөчө көңүл жолдун сапатын жогорулатууга бурулган, анткени бул жол күн сайын көптөгөн жеңил жана жүк ташуучу унааларды тейлеп, борбор калааны Чүй өрөөнүнүн өнөр жай зоналары менен байланыштырат.
Министрликтен белгилешкендей, иштер графикке ылайык аткарылып, туруктуу көзөмөлдө турат. Эгер аба ырайы ыңгайлуу болсо, курулуштун негизги этаптарын ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалган.
Ведомстводон билдиришкендей, учурда Бишкек – Кант – Токмок унаа жолунда асфальттын биринчи катмары төшөлүп, тилке пайдаланууга берилди. Ал жерге убактылуу жол белгилери орнотулуп, эки тарапка тең жүрүүгө уруксат берилди.
Лебединовка-ГЭС-5 жолу
Долбоордо Түндүк айланма жолуна алып баруучу Лебединовка-ГЭС-5 автожолунун курулушу да камтылган. Бүгүнкү күндө 4,4 чакырымга асфальттын биринчи катмары төшөлүп, жол ачылды.

Белгилей кетчү нерсе, автожолдун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкциянын алкагында жолдун категориясы эки тилкелүүдөн төрт тилкелүүгө өзгөртүлөт. Долбоордун алкагында тротуар куруу, жарыктандыруу, учурдагы көпүрөнү кеңейтүү, ошондой эле жөө адамдар үчүн дагы бир көпүрө куруу каралган.
Мындан тышкары, Биримдик-Кут конушуна кирүүчү жерге эки тилкелүү жол салынат. Долбоорлорду ишке ашыруу транспорт тармагынын сапатын жогорулатууга, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана аймактардын экономикалык өнүгүүсүн стимулдаштырууга багытталган.