Түндүк айланма жолу Бишкектеги тыгынды 100% чечет – адис

Коом Загрузка... 30 Апрель 2026 11:00
copyright icon Кабар

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолун реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө. Долбоор аяктаса, жол мурдагыдай эки эмес, алты тилкелүү болуп кеңейтилет. Бул тууралуу “Кыргызжолтрансдолбоор” мамлекеттик ишканасынын консультанттар тобунун жетекчиси Ташбек Жаналиев билдирди.

Анын айтымында, бул президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашырылып жаткан өлкөдөгү эң ири стратегиялык долбоорлордун бири.

"Негизги жол 6 тилкелүү болот, ал эми түйүндөргө (развязка) жакындаган жерлерде 10 тилкеге чейин кеңейтилет. Жолдун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Жолдо жалпы 13 эки деңгээлдүү түйүн (развязка) курулат. Жолдо бир дагы жол чырак болбойт, бул унаалардын тынымсыз кыймылын камсыздайт.

“Бул Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки биринчи жолу салынып жаткан 1-категориядагы заманбап жол. Ал ишке кирсе, Бишкектеги тыгындар 100 пайызга чейин жоюлат деп ишенебиз. Оор жүк ташуучу унаалар толугу менен ушул жол менен каттайт”, - деди Ташбек Жаналиев.

Ал белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын август айында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу жолдун бир бөлүгүн тездетүү тапшырмасы берилген. Тактап айтканда, Новопокровка айылынан баштап аэропорт жолуна чейинки аралыкты августка чейин бүткөрүү пландалууда.

Калган курулуш иштери бекитилген графикке ылайык, бул иш-чараларга катарлаш улантыла берет.