Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Түрк мамлекеттик уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга карата БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.
Анын айтымында, бул маанилүү ийгилик эл аралык коомчулуктун Кыргызстандын конструктивдүү позициясына, жоопкерчиликтүү дипломатиясына жана БУУнун максаттары менен принциптерине болгон бекем берилгендигине көрсөткөн ишениминин айкын далили болуп саналат.

"Кыргызстан аймактык жана эл аралык деңгээлде диалогду, кызматташтыкты жана көп тараптуулукту өнүктүрүүгө туруктуу салым кошуп келет. Эми өлкө БУУнун Коопсуздук кеңешинин ишмердүүлүгүнө, ошондой эле эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган глобалдык аракеттерге баалуу салым кошоруна толук ишенем. Кыргыз Республикасына бул маанилүү жоопкерчиликти өзүнө алып жаткан учурда ага болгон толук колдоомду дагы бир жолу ырастайм жана Коопсуздук кеңешине мүчөлүк кылуу мезгилинде албан ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат куттуктоодо.