ТМУ Газада ок атышпоо тууралуу декларацияны колдойт – башкы катчы

Коом Загрузка... 14 Октябрь 2025 15:54
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Түрк мамлекеттеринин уюму (ТМУ) Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жөнүндөгү декларацияны колдойт. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев билдиргенин CentralAsia жазды.

Ал декларацияга 13-октябрда Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында өткөн эл аралык "Тынчтык саммитинде" кол коюлганын айтты.

"Мен 2025-жылдын 13-октябрында дүйнөлүк лидерлердин катышуусунда Шарм-эль-Шейхте өткөн Тынчтык саммитин кубаттайм. Бул саммит АКШ, Түркия, Катар жана Египеттин дипломатиялык аракеттеринин негизинде ок атышууну токтотууга жетишилгенден кийин өтүп жатат. Мен бул ок атышууну токтотуу Газадагы согуштук аракеттердин жана азап-кайгынын биротоло токтошуна, ошондой эле Газа тилкесине гуманитардык жардамдын токтоосуз жана тоскоолдуксуз келип түшүшүнө алып келет деп үмүттөнөм. Палестиналыктар менен израилдиктердин тынчтыкта жана коопсуздукта жанаша жашоосуна мүмкүндүк берген чечимди ишке ашыруу үчүн тараптар алдыдагы мезгилде бул баалуу мүмкүнчүлүктү колдонушат деп чын жүрөктөн ишенем", - деп билдирди Өмүралиев.

Эскерте кетсек, Шарм-эль-Шейхтеги саммит Газа тилкесиндеги согушту токтотуу максатын көздөгөн. Ага 20дан ашык дүйнөлүк лидерлер катышты. Анда ортомчу өлкөлөр — Египет, Катар, Түркия жана АКШ — Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жөнүндө декларацияга кол коюшту.

Документ Израиль менен ХАМАС террордук тобунун ортосундагы Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу келишимин расмий түрдө бекитет. Төрт өлкө Газа тилкесиндеги согушту токтото турган бул келишимдин кепил тарабы болууга макулдугун билдиришти.

Декларацияда эки жыл мурун башталган Израиль менен ХАМАСтын Газа тилкесиндеги согушун аягына чыгаруу жолундагы мындан аркы кадамдардын "эрежелери жана жоболору" белгиленген.