Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Албаниянын Тирана шаарында спорттук күрөш боюнча "MUHAMET MALO 2026" эл аралык рейтингдик турнири уланууда.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бүгүн килемге Кыргызстандын атынан 5 балбан чыгат. Алардын экөө кыз-келиндер күрөшү боюнча, үчөө грек-рим күрөшү боюнча күч сынашат.
Кыз-келиндер күрөшүндө өлкө намысын Гүлнур Таштанбекова (65 кг чейин) жана
Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) коргосо, ал эми грек-рим күрөшүндө Илгиз Каныбеков (77 кг чейин), Асан Жанышов (87 кг чейин) жана Азат Салидинов (87 кг чейин) коргошот.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.