ТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоого азырынча негиз жок

Коом Загрузка... 02 Март 2026 17:30
WhatsApp_Image_2026_8fUEQaF.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 02.03.26 /Кабар/. Учурда Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жүргөн Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо маселеси карала элек. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу билдирди.

Анын айтымында, азырынча кооптонууга негиз жок, аймактагы абал Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн көзөмөлүндө турат.

“Эгер кырдаал узакка созулса, албетте, тиешелүү чараларды көрүп, эвакуация маселесин карайбыз. Даярдык иштери жүргүзүлгөн, бардыгы даяр десек болот”, — деди ал.

ТИМ өкүлү белгилегендей, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жүргөн кыргызстандыктар зарыл учурларда консулдук кызматтар менен байланышып жатышат жана маселелер ыкчам тартипте чечилүүдө.

Министрликтен кошумчалашкандай, учурда кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, чет өлкөлөрдөгү жарандар менен туруктуу байланыш сакталууда.