Президенттикке талапкерлигин көрсөтүү мөөнөтү аяктады: 11 адам талапкер

Коом
Президенттикке талапкерлигин көрсөтүү мөөнөтү аяктады: 11 адам талапкер
copyright icon WWW

Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Бүгүн, 13-ноябрда Кыргызстандын президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Бул тууралуу БШК билдирет.

Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду.

Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 7-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.

Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.

Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.