Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Литванын министрлер кабинети 2025-жылдын 29-октябрынан 30-ноябрына чейин Беларусь менен "Мядининкай" жана "Шальчинкай" аттуу эки чек ара өткөрмө пунктунун ишин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Ошол эле учурда "Мядининкай" өткөрүү пунктунан өтүүгө уруксат берилген төмөнкү категориядагы адамдар үчүн өзгөчө учурлар каралган:
- дипломатиялык кызматкерлер жана дипломатиялык почта жеткирип жаткан адамдар;
- Калининград шаарына транзит менен же Калининграддан келе жаткан адамдар;
- Литванын жана Европа Биримдигинин (ЕБ) өлкөлөрүнүн жарандары, ошондой эле Литвада убактылуу жашоого уруксаты жана гуманитардык визасы бар чет өлкөлүк жарандар "Мядининкай" өткөрүү пункту аркылуу Литвага кайтып келе алышат.
Учурда киргизилген чектөөлөргө байланыштуу Беларустун аймагына кирүүгө аракет кылган чет элдик жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын чогулуусу байкалууда.
ТИМ жогоруда айтылгандарга байланыштуу Кыргызстандын жарандарына Литвадан чыгып кетүүнүн альтернативдүү жолдорун алдын ала иштеп чыгууну, учурдагы чектөөлөрдү эске алууну жана уруксатсыз нааразычылык акцияларына жана нааразычылык билдирүүнүн башка түрлөрүнө катышуудан алыс болууну сунуштайт.
Эгерде Литвадагы Кыргызстандын жарандары консулдук колдоого муктаж болсо төмөнкү "ыкчам байланыштар" аркылуу кайрылыңыздар: КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти +996 999 312 002 жана Беларустагы (Минск) Кыргызстандын элчилиги: +375 25 904 54 10, электрондук почтасы: kgembassy.by@mfa.gov.kg.