ТИМ кыргызстандыктарды Мексикага барбай турууга чакырды

Саясат Загрузка... 24 Февраль 2026 10:50
orig.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Мексика Кошмо Штаттарынын бир катар аймактарында башаламандыктар орун алганына байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын кырдаал турукташканга чейин аталган аймактарга баруудан карманууга чакырат.

ТИМден белгилешкендей, ошондой эле Мексиканын аймагында жүргөн жарандарга коопсуздуктун күчөтүлгөн чараларын сактоо, адамдар көп чогулган жайлардан алыс болуу жана жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткаруу сунушталат.

Өзгөчө кырдаал жаралган учурда, Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигине (Вашингтон шаары) төмөнкү байланыштар аркылуу: +1 (202) 449-98-22, +1 (202) 256-2924, kgconsulate.washington@mfa.gov.kg. Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине төмөнкү номер аркылуу кайрылсаңыздар болот: +996 999 312 002.