Испаниядагы темир жол кырсыгы: каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Коом Загрузка... 19 Январь 2026 16:35
71c85ea3-04d9-3ee0-9898-c41949a12e4b.png
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. Күн мурун Испания Падышалыгынын түштүгүндө, Адамус калктуу конушунун аймагында эки жүргүнчү поезди катышкан темир жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен кеминде 39 адам каза болуп, 120дан ашык адам жаракат алган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Испания компетенттүү органдарынын алдын ала маалыматына ылайык, учурда каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары катталган жок. Кыргызстандын жарандары тарабынан Кыргызстандын Франциядагы элчилигине жардам көрсөтүү боюнча кайрылуулар жана өтүнүчтөр түшкөн эмес.

"Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Франция элчилиги Испаниянын компетенттүү органдары менен туруктуу байланышта болуп, кырдаалды көзөмөлдөп турат",-деп айтылат маалыматта.