ТИМ: Иракта кармалган жаран Кыргызстанга кайтып келди

Коом Загрузка... 03 Февраль 2026 09:24
1_PHGB9PA.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon ТИМ

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Иракта кармалган кыргызстандык А.Женалиева Кыргызстанга кайтып келген. Бул туурлуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 7-ноябрынан тарта социалдык тармактарда Кыргызстандын жараны А.Женалиеванын Иракта кармалгандыгы тууралуу маалыматтар тарай баштаган. Ошол учурдан тарта ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги маселени тактоо жана жарандын укуктарын коргоо багытында ыкчам иштерди баштаган.

Элчиликтин кызматкери маселе толук чечилгенге чейин Ирактын тиешелүү органдары менен өз ара аракеттенип, кармалган жарандын жакындары менен туруктуу байланышта болуп, телефон сүйлөшүүлөр аркылуу кеңири маалымат берилип турган.

Жыйынтыгында А.Женалиеванын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн өлкө аймагынан мажбурлап чыгарылышы тездетилип, 2025-жылдын 26-декабрында ал Кыргызстанга кайтып келген.

Министрлик жарандарды жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын так сактоого чакырат.