Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Күн мурун Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу өнөр жай жана курулуш компанияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушууда катышуучуларга миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле Кыргызстандын аймагында чет өлкөлүк жарандардын эмгек ишмердүүлүгүн жөнгө салуунун колдонуудагы механизмдери жөнүндө маалымат берилди.
Административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана тездетүүгө багытталган "Бирдиктүү терезе" принцибин ишке ашыруунун алкагында "Электрондук виза" порталын пайдалануунун практикалык аспектилерине, анын ичинде “Бирдиктүү уруксатты” жана резидент-картты тариздөөнүн тартибине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, юридикалык жактардын өкүлдөрү Кыргызстандын аймагында эмгек ишмердигине тартылган чет өлкөлүк жарандар үчүн уруксат берүүчү жана башка документтерди жол-жоболоштурууга тиешелүү актуалдуу маселелерге түшүндүрмөлөрдү жана толук жоопторду алышты.