Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги акыркы убактарда жарандарды чет мамлекеттерде кылмыш иштерине тартуу учурлары көбөйүп жаткандыгын маалымдайт.
ТИМден белгилешкендей, белгисиз адамдар социалдык тармактар аркылуу өздөрүн иш берүүчү катары тааныштырып, жогорку айлык акы төлөнүүчү ар кандай жумуштарды сунушташууда. Бирок жарандар чет өлкөгө баргандан кийин, аталган “иш берүүчүлөр” аларды баңгизаттарды таратууга (закладчик) же тыюу салынган буюмдарды ташууга мажбурлашып, натыйжада жарандар чет мамлекеттердин укук коргоо органдары тарабынан кармалууда.
Министрлик ошондой эле көп учурда “иш берүүчүлөр” Кыргызстандын жарандарына паспорт даярдоого, жол киреге жана башка чыгымдарды жабууга алдын ала акча каражаттарын которуп беришерин маалымдайт.
Бүгүнкү күндө жогорудагы жагдайларга байланыштуу чет өлкөлөрдө ондогон мекендештер кармалган. Мисалы, Беларуста 2026-жылдын акыркы төрт айында гана ондон ашык адам камакка алынган.
Министрлик Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө тез жана жеңил киреше табуу боюнча сунуштарга алданбоого чакырат. Басым көрсөтүү, коркутуу же ушундай мыйзамсыз иштерге тартуу аракеттери болгон учурда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына өз убагында маалымдап, мыйзамсыз аракеттерге катышуудан баш тартуу сунушталат.
Чет мамлекетте оор турмуштук кырдаал жаралган учурда, ошондой эле мыйзамсыз аракеттерге мажбурлоо аракеттери байкалса, жергиликтүү укук коргоо органдарына жана КР ТИМ Консулдук департаментине төмөнкү ишеним телефону аркылуу дароо кайрылуу зарыл: +996 999 312 002.