Маматалиев Кара-Кулжадагы соцдолбоорлордун ишке ашырылышын текшерди

Коом 28 сентябрь 2026 10:30
825268302_1601927674807192_5573930994010239864_n.jpg
825274144_2015819475783112_300002687229150994_n.jpg
825278497_1822417938775572_8738250660792556381_n.jpg
825278566_1353392823258934_8090211052210302908_n.jpg
825278812_1687191209045690_6497995207180259229_n.jpg
825279266_1616775893517663_8187961552462905549_n.jpg
825279357_1112804408369980_6270190457239940211_n.jpg
825279965_2093524021368999_2307475065976457210_n.jpg
825292094_1723668898742286_2183581181309561519_n.jpg
825329965_2177034663237558_4363096531688786585_n.jpg
825340254_1024874243945138_4189692996287487538_n.jpg
825340303_796450470227737_2186762211606880505_n.jpg
825340327_1124191103296909_7622680940048100451_n.jpg
825340361_1437386035030402_1344380940570635488_n.jpg
825340403_1470814148308271_1606952462579030804_n.jpg
825340436_4486789481603921_1037339802940198345_n.jpg
825353358_1139420671951567_8494675968794832728_n.jpg
826682514_1790136708797422_5060417593844672880_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кара-Кулжа районуна болгон иш сапарында бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты.

Парламенттен билдиришкендей, төрага Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайку жолунун 34,6-чакырымындагы Кызыл-Суу суусуна курулган көпүрөнүн абалын көрдү. Аталган көпүрө 17 айылды район борбору менен байланыштырган жалгыз жол болуп саналат. Жаан-чачын маалында суу деңгээли көтөрүлүп, көпүрөгө коркунуч жаралгандыктан, жаңы көпүрө куруу долбоору 2026-жылдын титулдук тизмесине киргизилген.

Ошондой эле Ак-Талаа, Орто-Талаа жана Токбай-Талаа участкаларын сугат суу менен камсыздоо долбоорлору каралды. Анын алкагында 153 гектар, ошондой эле кошумча 215 гектар жерди сугат суу менен камсыздоо пландалууда.

Мындан тышкары, төрага Көндүк айылындагы 164 окуучу билим алган мектептин абалы менен таанышты. 1984-жылы курулган имарат 2014-жылы авариялык деп табылган. Анын ордуна 150 орундуу жаңы мектеп куруу үчүн долбоордук документтер даярдалган.

Иш сапардын соңунда Марлен Маматалиев Ылай-Талаа – Гүлчө жолунун курулушунун жүрүшүн көрдү. Узундугу 50 чакырым болгон жолду реконструкциялоого 1 млрд сом бөлүнүп, учурда жер жумуштары жүргүзүлүүдө.

Төрага көпүрө, жол, сугат суу жана мектеп боюнча долбоорлорду ишке ашырууну тездетип, курулуш иштеринин сапатына көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.