Ысык-Көлдө жеке тарапты курулуш калдыгын тазалоо милдеттендирилди

Коом 28 сентябрь 2026 10:10
Ысык-Көлдө жеке тарапты курулуш калдыгын тазалоо милдеттендирилди
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Бает айылында жеке тарапты курулуш калдыктарын тазалоо милдеттендирилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан интернет булактарында Бает айылында жайгашкан “Boho” түнкү клубунун сезон аяктагандан кийин курулуш калдыктары көл жээгинде калгандыгы тууралуу тараган видео материалдын негизинде жеринде кароо жүргүзүлдү.

Анда аныкталган укук бузуулар боюнча жеке жак Укук бузуулар кодекси боюнча административдик жоопкерчиликке тартылып, айып пул салынды.

Ошондой эле “Boho” түнкү клубунун аймагында демонтаж иштери жүргүзүлүп жатканы эске алынып, курулуш калдыктарын белгиленген талаптарга ылайык толугу менен тазалоо жана аймакты тиешелүү абалга келтирүү керектиги айтылды.