Жалал-Абадда эки акча алмаштыруу жайына айып салынды

Коом Загрузка... 17 Февраль 2026 12:45
56c4bae9b395741f92aa0a5410411897_resize_w_600_h_315.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы эки акча алмаштыруу жайына айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында акча алмаштыруу жайлары мыйзамдарды жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги аныкталды.

Буга байланыштуу акча алмашуу бюросунун ар бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып салынды.