Миң-Кушта өткөн “Эко Атом Фест”: Канча таштанды чыгарылды?

Аймак 5 октябрь 2026 10:30
Миң-Кушта өткөн “Эко Атом Фест”: Канча таштанды чыгарылды?
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Жумгал районунун Миң-Куш айылында ”Росатом” корпорациясы менен биргеликте ”Эко Атом Фест“ экологиялык фестивалын өткөрүштү.

Ведомстводон билдиришкендей, программанын жүрүшүндө Миң-Куш айылындагы тиричилик таштандылары катышуучулар тарабынан чогултулду. Таштанды чогултуу учурунда катышуучуларга жана жергиликтүү тургундарга тиричилик калдыктарын туура бөлүштүрүп чогултуу боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында 63 кап жана 1500 тоннага жакын таштанды чогултулуп, жалпысынан иш-чарага 130 киши катышты.