Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу байланышты.
ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө азербайжан тарап Азербайжандын Нахчыван аэропортунда Ирандын учкучсуз аппаратынын кыйрашына байланыштуу окуя тууралуу маалымат берди.
Жээнбек Кулубаев окуяга тынчсыздануусун билдирип, эл аралык укуктун нормаларын жана принциптерин сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ошондой эле Кыргызстандын тышкы иштер министри Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Азербайжандын президенти Илхам Алиевге колдоо сөздөрүн жеткирди.