ТИМ: АКШда кармалган кыргыз жаранынын абалы көзөмөлдө

Коом Загрузка... 28 Февраль 2026 12:40
3353959_KrKnjaa.1f8b2142bc9.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon ТИМ

Бишкек, 28.02.26. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги АКШнын аймагында кармалган Кыргызстандын жараны А.М. тууралуу маалыматка байланыштуу билдирүү таратты.

Министрликтин маалыматы боюнча, учурда А.М. АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын Аризона штатындагы Eloy Detention Center убактылуу кармоо борборунда кармалууда.

Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу бул маселе боюнча АКШнын компетенттүү органдары менен иш алып барууда.

Кырдаал ТИМдин туруктуу көзөмөлүндө турат.