Тилек Текебаев Чаткалдагы бугу чарбасынын иши менен таанышты

12 Февраль 2025 17:47
478641831_1729942617872995_4857484026475961111_n.jpg
476595211_1729942624539661_8165413040124864675_n.jpg
479486647_1729942654539658_1342203329679546601_n.jpg
479496045_1729942651206325_1632566851831784218_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы жаңыдан түзүлгөн бугу чарбасы менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Аталган корукту уюштурууга райондун өнүктүрүү фонду тарабынан 3 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө анда Орусиянын Алтай аймагынан алынып келинген 40 баш бугу каралууда.

Облус башчысы буга чейин бул демилгени ишке ашыруу максатында жергиликтүү бийликке тийиштүү тапшырмалар берилгенин айтты. Түзүлгөн бугу чарбагы райондун өзгөчөлөнгөн туристтик потенциалын, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн арттырууга жакшы шарт түзөөрүн белгиледи.