Тигүү тармагы татаал этапты башынан кечирип, туруктуу өнүгүүгө карай багыт алууда – ишкер

Экономика Загрузка... 16 Январь 2026 18:37
original-1hvc.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Тигүү тармагында иштеген жеке ишкер Бермет Турсунакунова "Кабар" агенттигине экономиканын бул тармагы бүгүнкү күндө туш болуп жаткан көйгөйлөр тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, ал тигүү өндүрүшү тармагында 10 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенет. Ал эми, ата-энеси да көп жылдар бою ушул тармакта иштешкен. Каарманыбыз белгилегендей, бизнес мыйзамдуу жүргүзүлөт, бирок бүгүнкү күндө талкууланып жаткан жеңилдетилген насыя берүү чаралары болгон көйгөйлөрдүн негизги чечими болуп эсептелбейт.

"Насыялар башкы маселени чечпейт. Бүгүнкү күндөгү негизги көйгөй — продукциянын өздүк наркынын жогору болушу. Кытай, Өзбекстан жана башка өлкөлөр менен атаандаштыкка туруштук берүү үчүн чыгымдарды азайтуу керек, анткени сатып алуучу биринчи кезекте баасына карайт", — деп түшүндүрдү.

---------------------------------------2-1.width-800

Ал белгилегендей, көпчүлүк тигүү ишканалары үчүн чыгашалардын олуттуу бөлүгүн коммерциялык жайларды ижарага алуу жана жумушчулардын эмгек акысы түзөт.

"Тармак активдүү өсүп жаткан учурда — Украинадагы кризис жана рублдин бекемделиши маалында — буйрутмалар көп болуп, ишкерлер адистерди кармап калуу үчүн тигүүчүлөрдүн эмгек акысын көтөрүшкөн. Бирок, кийинчерээк рублдин курсу түшүп, соода басаңдап, Россияда экономикалык төмөндөө башталган, бул Кыргызстандын тигүү тармагына терс таасирин тийгизди.

"Бүгүнкү күндө буйрутмалар азайды. Эгер бааны көтөрсөк, кардар кетип калат, ал эми түшүрсөк, ижара акысы менен айлыктарды төлөш керек болгондуктан, пайда дээрлик болбой калат", — деди ал.

Ишкер ошондой эле Бангладеш жана Пакистандан тигүүчүлөрдү тартуу үчүн квоталарды ачуу чечимин оң баалады. Ал кадр маселеси жергиликтүү жумушчулардын бир жерде туруктуу иштебегенинен улам курч бойдон калып жатканын белгиледи.

"Жумушка расмий алынса деле тигүүчүлөр күтүүсүздөн жумуштан чыгып кетишет. Мындан улам чоң буйрутмалар үзгүлтүккө учурап, ишкерлер айып пулга жыгылышат. Чет элдик тигүүчүлөр, адатта, туруктуу иштешип, алар жумуш ордун алмаштырышпайт жана өндүрүш процессин үзгүлтүксүз камсыз кылышат", — деди Турсунакунова.

Ошондой эле ишкер тармактын технологиялык өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурду. Анын айтымында, кыргыз тигүүчүлөрүнүн көбү жекече ыкма менен иштешет, мында бир адам буюмду башынан аягына чейин өзү тигет, бул өндүрүмдүүлүктү төмөндөтүп, өздүк наркты жогорулатат. Ал эми конвейердик система өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө жана продукциянын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

1049208147_0_139_2480_1698_1920x0_80_0_0_39e22.width-800

Ишкер бажылык жөнгө салуу маселелерине токтолуп, көп жылдар бою тигүү продукциясынын олуттуу бөлүгү Россияга толук документтерсиз экспорттолуп келгенин эске салды.

"Буга чейин продукциянын 80 пайызга чейинки бөлүгү келишимдерсиз, электрондук эсеп-фактураларсыз жана кошумча нарк салыгын (КНС) төлөбөстөн көмүскө схемалар аркылуу жөнөтүлүп келген. Бүгүн мындай ыкмалар иштебейт. Расмий экспорттоодо Россия тарап 20 пайыз импорттук КНС төлөөгө милдеттүү", — деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле ал Wildberries маркетплейси менен иштешүүдөгү кыйынчылыктар, Россиянын рыногуна кирүүдөгү чектөөлөр жана сатуу багыттарын диверсификациялоо зарылдыгы тууралуу айтып берди. Өз алдынча лабораториялык базанын жана сертификация системасынын жоктугу ата мекендик продукциянын Европа базарларына чыгышына тоскоолдук кылган өзүнчө көйгөй катары аталды.

"Ишкерлер 20 пайыз КНС төлөөгө даяр, бирок иш жүзүндө рынокко кирүү мүмкүн болбой жатат", — деп белгиледи ишкер.

269292

Бермет Турсунакунова талаптардын катаалдашы өткөн жылдын сентябрь айынан бери жеткирүүлөрдүн кечигишине алып келгенин, бирок бул маселени өкмөттүн деңгээлинде чечүү мүмкүн эместигин, ишкерлер жаңы эрежелерге ыңгайлашуусу керектигин белгиледи.

Ал ошондой эле Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариевдин так укуктук талаада иштөө зарылдыгы тууралуу позициясын колдоду. Ишкер Соода-өнөр жай палатасы жана "Кыргызстандарт" аркылуу декларацияларды жана сертификаттарды алуу процедураларына токтолду.

"Ооба, өткөөл мезгил ар дайым татаал болот, бирок "ак" иштөө акырындап бизнестин өзүнө пайда алып келет. Ар бир тармактын өнүгүү этаптары болот, азыр биз эң татаал этаптардын биринен өтүп жатабыз", — деп сөзүн жыйынтыктады ал.