Каражат бөлүнүп, карыз жабылды: Майлуу-Суу лампа заводу жанданууда

Экономика 11 Июнь 2026 11:30
6a297a47d6b93 (1).jpeg
6a297a49c9074.jpeg
6a297a49b81fc.jpeg
6a297a49a04d7.jpeg
6a297a4993301.jpeg
6a297a49800bd.jpeg
6a297a495da22.jpeg
6a297a4955695.jpeg
6a297a491c562.jpeg
6a297a491798e.jpeg
6a297a485d762.jpeg
6a297a4858834.jpeg
6a297a47daaa4.jpeg
Алдыга
Артка
6a297a47d6b93 (1).jpeg
6a297a49c9074.jpeg
6a297a49b81fc.jpeg
6a297a49a04d7.jpeg
6a297a4993301.jpeg
6a297a49800bd.jpeg
6a297a495da22.jpeg
6a297a4955695.jpeg
6a297a491c562.jpeg
6a297a491798e.jpeg
6a297a485d762.jpeg
6a297a4858834.jpeg
6a297a47daaa4.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев өлкөнүн өнөр жай тармагын өнүктүрүү жана мурдагы ири өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгүн кайра жандандыруу максатында өлкө аймактарын кыдырып, көчмө жыйындарды өткөрүүдө. 

Анда Майлуу-Суу лампа заводунун ишмердүүлүгү менен таанышып, көчмө жыйын өткөргөн Бакыт Төрөбаев бул заводдун ишин калыбына келтирүүгө зарыл болгон финансылык каражаттар бөлүнгөнүн билдирди. 

Анын айтымында, маселен жыл башында президенттин тескемесине ылайык заводго финансылык колдоо көрсөтүү максатында 116 млн 900 миң сом бөлүнүп, ал сумма эмгек акы жана жумуштан бошогондордун жөлөк пулдары боюнча карыздарды жабууга багытталган. 

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын январында мамлекет башчысынын ыкчам тапшырмасынын негизинде жеринде кеңешме болуп, анда ишкананын учурдагы абалы, өндүрүштүн көлөмү, кызматкерлердин эмгек акысы, социалдык маселелер жана заводду сактап калуу боюнча келечектеги иш-аракеттер талкууланган болуучу. 

Ошондой эле президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин тиешелүү тескемеси менен бул өндүрүш ишканасынын ишмердүүлүгүн кайра жандандыруу максатында 1 млрд 159 млн 863 миң сом бөлүнгөнүн кошумчалады. 

Мындан тышкары, президенттин жарлыгына ылайык “Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коомунун эсебине 931, 6 млн сом каралып анын 600 млн сому бөлүндү, алынган каражаттар максаттуу багытта пайдаланылууда, ал ишкананын мекемелер алдындагы пайда болгон карыздарын жабууга жумшалып жатканы айтылды. 

Бул чечимдер аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга, өндүрүштүк кубаттуулуктарды кайра ишке киргизүүгө жана жаңы инвестицияларды тартууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Учурда президенттин тапшырмаларын жана кабыл алынган тиешелүү чечимдердин аткарылышы мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө турат. Анын алкагында ишкананын өндүрүштүк инфраструктурасын жаңылоо, инженердик тармактарды реконструкциялоо жана аларды заманбап талаптарга ылайык келтирүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлүп жатат. Ошону менен катар заводдун кеңири аймагында индустриалдык парк түзүү жана өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштер аткарылууда. 

Майлуу-Суу лампа заводунун ишин жандандыруу өлкөнүн өнөр жай потенциалын калыбына келтирүүдө өзгөчө мааниге ээ, аны менен катар жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүнө жана аймактын жалпы экономикалык өсүшүнө оң таасирин тийгизет. Долбоор ишке ашырылган соң жүздөгөн жаңы жумуш орундарын түзүү, жергиликтүү калктын иш менен камсыз болушун жакшыртуу жана алардын киреше деңгээлин жогорулатуу күтүлүүдө.