Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана динамикасы менен таанышты.
Райондун акими Жаныбек Исаков мамлекет башчысына акыркы жылдардагы инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берип, районду мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.
Белгиленгендей, ирригация тармагында олуттуу жыйынтыктар жетишилди. 2021–2025-жылдары 1 млрд 18 млн сомдон ашык суммага долбоорлор ишке ашырылып, тармакты каржылоонун көлөмү дээрлик 94 эсеге өскөн.
2022-жылы башталган 836,3 млн сомдук Түгөл-Сай суу сактагычынын курулушу уланууда. Объектти пайдаланууга берүү 2026-жылга пландалууда.