Терроризм жана киберкоркунуч: КМШ өлкөлөрү биргелешкен коопсуздукту талкуулап жатат

Коом 278 28 Май 2026 13:30
710755955_1568286375305991_6009694619656577576_n.jpg
WhatsApp_Image_2026-05-27_at_19.26.54.width-800.jpg
Алдыга
Артка
710755955_1568286375305991_6009694619656577576_n.jpg
WhatsApp_Image_2026-05-27_at_19.26.54.width-800.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын бейформал жолугушуусуна катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык жана аймактык коопсуздуктун абалына заманбап чакырыктардын жана коркунучтардын таасири тууралуу пикир алмашуу болду.

Адилет Орозбеков өз сөзүндө эл аралык терроризм, экстремизм, баңгизаттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүү, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, радикалдык түзүмдөр тарабынан санариптик технологияларды, виртуалдык активдерди жана заманбап финансылык инструменттерди активдүү пайдалануудан келип чыккан коркунуч сакталып жатканына токтолду.

Шериктештиктин жумушчу органдарынын, анын ичинде Антитеррордук борбордун, Коопсуздук органдарынын жетекчилеринин кеңешмесинин жана КМШга мүчө мамлекеттердин Чек ара аскерлеринин кол башчылар кеңешинин Координациялык кызматынын аймактык коопсуздугун камсыздоого кошкон салымы да белгиленди.