Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында террордук акт тууралуу атайылап жалган билдирүүлөрдү жасоо фактылары көбөйүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, мындай билдирүүлөрдүн авторлору катардагы чоңдор гана эмес, мектеп жашындагы өспүрүмдөр да болууда.
Укук коргоо органдары мындай билдирүүлөр түшкөн учурда жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна реалдуу коркунуч бар деген негизде аракеттенишет. Кылдат текшерүүлөр жүргүзүлүп, мекеме-уюмдардын иши токтотулат жана жарандар эвакуацияланат.
"Бул жагдай укук коргоо органдарынын жана башка кызматтардын күч-каражаттарын түз милдеттерин аткаруудан алаксытат жана мамлекеттин бюджетине ири зыян алып келет", - деп айтылат билдирүүдө.
Террордук акт жөнүндө атайылап жалган кабарлоо — коомдук коопсуздукка кол салуу катары бааланат. Мыйзамга ылайык, жалган маалымат берилген учурдан тартып эле кылмыш жасалды деп эсептелет.
Бул кылмыш үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси ("Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо") боюнча жоопкерчилик каралган. Күнөөлүүлөр олуттуу айып пул төлөшү же эркинен ажыратуу жазасына тартылышы мүмкүн.
Эгерде мындай мыйзамсыз аракеттерди жашы жете элек өспүрүмдөр жасаса, алар үчүн ата-энелери түз жоопкерчилик тартат.
УКМК ата-энелерди балдарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жана алардын кыймыл-аракетине тыкыр көзөмөл кылууга чакырат. Ал эми жашы жеткен жарандарды жеке кызыкчылыктарды көздөп, мамлекетке жана коомго зыян келтирүүчү мындай кадамдардан алыс болууну эскертет.