Темир Сариев Казанда Татарстандын раиси менен жолукту

Экономика 535 13 Май 2026 19:20
1.jpg
2.jpg
696372618_1391408266338861_5883314494584922326_n.jpg
696826074_1391408273005527_4079397999844998171_n.jpg
697177081_1391408279672193_1925749847260920912_n.jpg
699492175_1391408276338860_6110793788640805703_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
2.jpg
696372618_1391408266338861_5883314494584922326_n.jpg
696826074_1391408273005527_4079397999844998171_n.jpg
697177081_1391408279672193_1925749847260920912_n.jpg
699492175_1391408276338860_6110793788640805703_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Казань шаарында Татарстандын раиси Рустам Миннихановдун чет өлкөлүк соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери менен болгон жолугушуусуна катышты.

Платадан билдиришкендей, жолугушуу XVII Эл аралык экономикалык форум – "Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum-2026" алкагында өттү.

Жолугушууда Темир Сариев ислам дүйнөсүндөгү өлкөлөрдүн бизнес-коомчулугу ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, соода, инвестиция, өнөр жай кооперациясы жана логистика багыттарында чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

"Бүгүн Соода-өнөр жай палаталары мамлекеттер менен бизнестин ортосундагы натыйжалуу көпүрөгө айланууда. Кыргызстан үчүн эл аралык байланыштарды кеңейтүү, жаңы рынокторго чыгуу жана туруктуу өнөктөштүктү өнүктүрүү абдан маанилүү", – деди Сариев.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын KazanForum-2026 форумуна катышуусу палатанын экономикалык дипломатияны илгерилетүүдөгү жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү активдүү ролун дагы бир жолу тастыктады.

Белгилей кетсек, 27 чет өлкөлүк соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү жана Россиянын аймактарынан келген делегациялар катышып, эл аралык ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүү аянтчаларынын бири болду.