Телеканалдар эми "Кыргызфильм" жана "Кыргызсериалдын" тасмаларын көрсөтөт

Коом Загрузка... 15 Январь 2026 14:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.01.26 /Кабар/. Маданият министрлиги мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында өлкөдөгү телеканалдарга “Кыргызфильм” жана “Кыргызсериалдын” фильмдерин берүүнү чечти. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев телеканалдар үчүн өткөрүлгөн жыйынында билдирди.

Анын айтымында мындай чечимдер өлкөнүн телеканалдарында ата мекендик өндүрүштөгү продукциялардын азайып кеткендигине жана мамлекеттик тилдеги берүүлөрдүн жалпы көлөмү жөнүндөгү мыйзамдын аткарылбай жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды.

Ал белгилегендей, мындан ары алар прайм-тайм убактыларын министрликтин алдындагы Кыргыз кинематография департаментине таандык “Кыргызфильм” жана “Кыргызсериал” студиялары жана башка дагы жеке менчик компаниялар тарткан тасмалар менен толтурушса болот.

“Акыркы мезгилдерде мамлекет Кыргыз кинематография департаментине абдан жакшы көңүл бөлүп жатат. Мисалы, учурда “Кыргызфильм” киностудиясында 424 тасма, 40тан ашык анимациялык фильм жана “Кыргызсериал” киностудиясында 10 сериал тартылган.

Алардын катарында “Кыргызфильм” киностудиясында “кыргыз кереметинин” тасмалары, андан кийин да сапаттуу тартылган толук метраждуу, документалдуу жана башка жанрдагы тасмалар бар.

Андан сырткары, жакынкы жылдары түптөлгөн “Кыргызсериал” мекемесинде жаралган “Чоочун киши” 1-2-сезону, “Жалбыз”, “Биздин класс”, “Талант жана тагдыр”, “Мурас”, “Тайган”, “Муз үстүндөгү гүлдөр”, “Чыпалак бала” жана башкалар. Андан башка дагы “Амантай менен Айтуяк, “Быйтыкчалар деген сыяктуу анимациялык фильмдер бар.

Мунун баарын биз сиздерге бергенге даярбыз жана алардын көрсөтүлүшүн көзөмөлдөп турабыз”,-деди ал.