Бакыт Сыдыков Тегеранда Ирандын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолукту

Экономика Загрузка... 28 Апрель 2025 19:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Ирандын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Тараптардын жолугушуусу Тегеранда өтүп жаткан Эл аралык Экспо көргөзмөсүнүн алкагында өтүп, талкуулоонун темасы Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү  болду. Өнөр жай, айыл чарба, туризм, курулуш жана саламаттыкты сактоо тармактарында кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты чыңдоого болгон өз ара кызыкдарлыгын билдиришип, келечектүү тармактар боюнча биргелешкен аракеттерди ишке ашыруу үчүн конкреттүү кадамдарды иштеп чыгууну макулдашышты.