Бишкек, 22.10.25. /Кабар/. Бишкекте Театралдык гүл бакчадагы фонтандарды оңдоо иштери уланууда.
Мэриядан “Кабар” агенттигине малымдашкандай, фонтанды бетондоо, гранит менен каптоо боюнча монтаждоо иштери аяктады. Учурда насостор үчүн пайдубал куюлууда. Ошондой эле арматураларды орнотуу даярдыктары жана түтүктөр үчүн чуңкур казуу иштери аткарылууда.
Ошол эле маалда айкелчилер фонтандын негизги чөйчөктөрүн жана декоративдик элементтерин жасап жатат. Мындан тышкары, Кытайдан да фонтанга керектүү жабдуулар келет.
Ремонт иштери подрядчы уюм тарабынан 8-августта башталган. Жаңыланган фонтандагы оңдоп-түзөө иштери 31-октябрда аяктамак. Бирок бүткөрүү мөөнөтү болжол менен 20 күнгө дагы созулат деп айтылды.
Бул иштер Бишкек шаарынын мэриясынын фонтандарды оңдоо боюнча планын ишке ашыруу алкагында Капиталдык курулуш башкармалыгынын тарабынан жүргүзүлүүдө. Фонтанды жаңылоону подрядчы уюм кол алган.