Акыркы жылдары Кыргызстанда маданият тармагына көңүл буруу күчөп, бул багытта бир катар өзгөрүүлөр болду. Президент Садыр Жапаровдун реформаларынын алкагында тармакты каржылоого, маданий мекемелердин ишин жакшыртууга жана чыгармачылык чөйрөнү колдоого багытталган иштер жүргүзүлдү.
Бул мезгилде маданиятка бөлүнгөн каражаттын көлөмү кыйла көбөйүп, тармактын материалдык-техникалык базасын жаңылоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле театр, кино, маданий билим берүү жана аймактардагы маданий жайларды өнүктүрүүгө багытталган бир катар долбоорлор ишке ашырылды.
Маданиятка бөлүнгөн каражат көбөйдү
2010-жылы искусство багытына 440 млн сомдон ашык каражат бөлүнсө, 2021-жылга чейин бул сумма 2 млрд сомдон ашкан эмес. Ал эми 2025-жылы маданият тармагына бөлүнгөн каражат дээрлик 7 млрд сомго жеткен. Ошол жылы маданий имараттарды оңдоп-түзөөгө 115 млн сом, материалдык-техникалык базаны чыңдоого 900 млн сом бөлүнгөн.

2026-жылы кызматкерлердин айлык маяналарынын жогорулашын эске алуу менен тармакка бөлүнгөн каражат 10 млрд сомдон ашкан.
Каражаттар андан сырткары, мекемелерди оңдоого жана материалдык-техникалык базасын чыңдоого, ошондой эле жаңы чыгармачылык долбоорлорду ишке ашырууга багытталууда.
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрындагы жабдыктар 60 млн сомго жаңыртылып, пианисттер үчүн 25 млн сомго Steinway роялы сатылып алынган.
Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрына дээрлик 80 млн сом бөлүнүп, реконструкция жүргүзүлгөн. Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрына 300 млн сомдон ашык каражат бөлүнүп, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын сахна жабдыктары 30 млн сомго жаңыртылган.

Президенттин фондунун эсебинен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусу пайдаланууга берилсе, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын жаңы корпусунун курулушу уланууда. Мындан тышкары, Президенттин резервдик фондунан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине каражат бөлүнүп, ведомстволук мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана чыгармачыл союздарды колдоого жумшалды.
Аймактарда жаңы маданий борборлор курулууда
Маданий инфраструктураны жаңылоо аймактарда да жүргүзүлүүдө. Президенттин Турукташтыруу фондунун эсебинен Ош облусунун Кара-Кулжа жана Алай райондорунда коомдук-маданий борборлор курулуп, Кара-Кулжадагы борбор 2026-жылдын апрелинде пайдаланууга берилди. Алай районунун Гүлчө шаарында да Калкты тейлөө боюнча маданий борбор ачылды. Ал эми Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында үч кабаттуу коомдук-маданий борбордун курулушу уланууда. Нарын шаарында музей, китепкана, кинотеатр жана маданият үйүн камтыган заманбап маданий борбор курулуп жатат.

Театрлардын өз кирешеси көбөйүүдө
Маданият тармагындагы өзгөрүүлөр театрлардын ишмердигинен да байкалууда. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылы театр-оюн-зоок мекемелеринде билеттерди сатуудан жана ижарадан 7,7 млн сом түшсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 107 млн сомдон ашкан. 2026-жылдын биринчи жарымында театрлардын бул багыттагы кирешеси 60 млн сомго жакындаган.
Кыргыз киносун каржылоого 928 млн сом бөлүндү
Кыргыз киносунда акыркы жылдары каржылоо көлөмү көбөйүп, мамлекеттик каражатты бөлүштүрүүнүн жаңы системасы киргизиле баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков билдирди.

Анын айтымында, мындан 6–7 жыл мурда кыргыз киносунун жалпы тармагына жылына болжол менен 45 млн сом бөлүнчү. Бул каражат “Кыргызфильмге”, кинематография боюнча республикалык жана облустук мекемелерге, ошондой эле департаменттин ишине жумшалчу.
Ал эми 2025-жылы кинематография тармагына 928 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Анын ичинен “Кыргызфильмдин” өндүрүшүнө жана техникалык базасын жаңылоого болжол менен 500 млн сом, “Кыргызсериалга” 250 млн сом каралган. Мындан тышкары, кинону жайылтуу жана кинопрокат багытына, Кино үйүнө, облустук жана райондук кинодирекцияларга, ошондой эле Кинематография департаментине өзүнчө каражат бөлүнгөн.
“Мурда биз кино тарта албай, техникалык жактан камсыздала албай келгенбиз. Азыр бир эле учурда чоң эки тарыхый тасманы тартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү”, — деди Төлөбеков.
Жаңы система менен каржылоо механизмдери киргизилгенден кийин толук метраждуу тасмалардын саны да көбөйгөн. Төлөбековдун маалыматына караганда, мурда жылына 2–3 толук метраждуу тасма тартылса, 2026-жылы бир жыл ичинде 14 тасмага старт берилген.
Кино жаштарга үлгү бериши керек
Төлөбековдун айтымында, мамлекеттин колдоосу менен тартылып жаткан тасмалардын негизги багыттарынын бири — жаштарга үлгү боло турган сапаттуу контент жаратуу. Бул багытта тарыхый инсандардын өмүрү жана эмгеги тууралуу тасмаларга өзгөчө көңүл бурулууда.

Ал Жусуп Абдрахманов тууралуу “Жусуп” тасмасы жана “Кара-Кыргыз” сериалы жаштардын тарыхка болгон кызыгуусун арттырганын белгилеп, мындан ары Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков сыяктуу тарыхый инсандар тууралуу тасмаларды тартуу зарылдыгын айтты.
“Жаштар мамлекет кандай шартта түптөлгөнүн, ошол учурда кандай инсандар эмгек кылганын билиши керек”, — деди ал.
Ошондой эле жаш режиссёрлорду Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөгө тартуу максатында “Мой Айтматов” долбоору ишке киргизилүүдө. Анын алкагында 10 жаш режиссёр тандалып, быйыл 2 млн сомдук колдоо көрсөтүлдү. Долбоорду жыл сайын улантуу пландалууда.
Мындан тышкары, жаштардын көрүү адатына ылайык вертикалдуу сериалдарды чыгаруу боюнча жаңы механизм киргизилди. “Кыргызсериал” аркылуу айыл чарба, кол өнөрчүлүк, тарыхый мурас жана эмгек темаларын чагылдырган долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.
Маданиятка көңүл буруу күчөдү
Драматург жана режиссёр, театр сынчысы Жаныш Кулманбетовдун айтымында, акыркы алты жылда маданият тармагына көңүл буруу кыйла күчөдү. Бул маданият кызматкерлеринин айлыгынын жогорулашы, чыгармачылык долбоорлорго бөлүнгөн каражаттын көбөйүшү жана материалдык базанын жаңыланышы менен байланыштуу.

“Биринчиден, биздин маданият чөйрөсүндө иштегендердин социалдык абалы жакшыртылды, айлыктары көтөрүлдү. Бул эң башкы көрсөткүчтөрдүн бири. Андан сырткары, мурда спектаклдерге же киного анчейин акча бөлүнчү эмес. Азыр аларды даярдоого, кинолорду тартууга чоң суммадагы каражаттар бөлүнүп жатат. Бүгүнкү күндө бир спектаклге 50 миң сом бөлүнсө, азыр 10–15 млн сомго чейин каражат бөлүнүп жатат. Салыштырып көрсөк, айырмасы абдан чоң”, — деди ал.
Кулманбетовдун белгилешинче, каржылоонун көбөйүшү чыгармачылык иштердин сапатына да таасирин тийгизүүдө.
“Маселе ошол чыгармаларды коюуга каражат жакшы бөлүнүп жаткандыгында. Аны менен кошо спектаклдердин сапаты да жогорулады”, — деди ал.
Анын айтымында, акыркы жылдары сериалдар тартылып, кино өндүрүшүнө да ири каражаттар бөлүнө баштады.
“Ушул 6 жылдын ичинде “Кыргызсериал” мекемеси пайда болуп, ал жерден көптөгөн тасмалар тартылып жатат. Андан сырткары, жакында эле Жусуп Абдрахманов тууралуу тасма жарык көрдү. Ага бөлүнгөн 100 млн сом мурун биздин түшүбүзгө да кирчү эмес. Демек, маданиятка, искусствого көңүл буруу кыйла жакшырды”, — деди Кулманбетов.
Ал жакында Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы имараты ачылганын да белгилеп, окуу жайдын жаңы корпусу студенттер үчүн шартты жакшыртарын айтты.

“Президент университеттин жаңы имаратын өзү ачып берди. Буга чейин 33 жыл бою эски имаратта, окутуучулар студенттерди жатаканада окутуп келишкен. Эми мугалимдерге да, студенттерге да заманбап шарт түзүлдү”, — деди Кулманбетов.
Анын айтымында, материалдык базанын жаңыланышы башка маданий мекемелерден да байкалат. Акыркы жылдары бир катар театрлар жаңыланып, музыкалык окуу жайларга жаңы имараттар курулуп, аймактардагы маданият үйлөрү жана кинотеатрларга да каражат бөлүнүүдө.
Кулманбетов белгилегендей, тарыхый инсандар тууралуу тасмаларды тартуу жаштарга таасир этүүнүн натыйжалуу жолдорунун бири.
“Миң уккандан бир көргөн артык” дегендей, көз менен көргөн нерсе адамдын эсинде жакшы калат. Лекцияда же сабакта айтылган маалымат унутулуп калышы мүмкүн, ал эми кино аркылуу көрсөтүлгөн тарыхый окуялар жаштарга таасирдүү жетет. Ошондуктан мындай тасмалар тарбиялык мааниге ээ. Буга “Жусуп” жана Айтматов тууралуу тасмалар мисал”, — деди Кулманбетов.