Тбилисиде кыргыз-грузин кызматташтыгын чыңдоо маселелери талкууланды — Кабар

Тбилисиде кыргыз-грузин кызматташтыгын чыңдоо маселелери талкууланды

Саясат 11 март 2026 17:45
5c652321-fd58-32d7-8938-a1394ca8e136.jpeg
a9f20d1c-8c6b-3a7b-992e-b122c98f2460.jpeg
57b4dca9-1ae7-39ff-b23c-86ba8bc24f22.jpeg
87dd58ad-2778-3e8e-afaa-515332e5cc45.jpeg
Алдыга
Артка
5c652321-fd58-32d7-8938-a1394ca8e136.jpeg
a9f20d1c-8c6b-3a7b-992e-b122c98f2460.jpeg
57b4dca9-1ae7-39ff-b23c-86ba8bc24f22.jpeg
87dd58ad-2778-3e8e-afaa-515332e5cc45.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Тбилиси шаарында Кыргызстандын Грузиядагы элчиси Максат Мамытканов Грузиянын мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, элчи Грузиянын башкы прокурору Георгий Гваракидзе, юстиция министри Паата Салия жана ички иштер министри Гела Геладзе менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, укуктук тармактагы өз ара аракеттенүү, трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле элчи Грузиянын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуп, анда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.