Бишкек, 13.02.26 /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода “Учкун" жана "Кызмат” мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода баштаган делегация аталган ишканалардын ишмердүүлүгүнө жогорку баасын берди.
Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев белгилегендей, "Кызмат" МИ мамлекеттик органдардын ишин системалуу оптималдаштырууну улантып, онлайн кызматтардын жаңы муунун киргизип, өлкөнүн санариптик экосистемасын кеңейтүүдө.
Белгилей кетсек, бүгүн Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышуу үчүн Бишкек шаарына келген.