Тажикстандын премьер-министри Кыргызстанга келди

Саясат 1224 13 Февраль 2026 09:38
698e972e7e008.jpeg
698e972e7ffdd.jpeg
698e972f27862.jpeg
698e972fc1d48.jpeg
698e972d1cee5.jpeg
698e972ca78f8.jpeg
698e972b91173.jpeg
Алдыга
Артка
698e972e7e008.jpeg
698e972e7ffdd.jpeg
698e972f27862.jpeg
698e972fc1d48.jpeg
698e972d1cee5.jpeg
698e972ca78f8.jpeg
698e972b91173.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жумушчу сапары менен Кыргызстанга келди.

"Манас" эл аралык аэропортунда аны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода сапарынын алкагында Бишкек шаарында өтө турган Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышат. Анын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары борбор калаадагы инфраструктуралык ишканаларга барышат.