Тажикстандын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Саясат 12 февраль 2026 18:00
Тажикстандын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. 13-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин чакыруусу боюнча Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Кыргызстанга иш сапары менен келет. 

Сапардын алкагында Кохир Расулзода Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык Кеңешинин биринчи жыйынына катышат.

Анда бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары Бишкек шаарындагы инфраструктуралык ишканаларга барышат.